Редакцияот 09.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жошолу айылдык Кеңешинин  VI  чакырылышынын XXXV  заседаниясы

 

2020-жылдын 09- марты № 35/7

1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып орнотулуучу эстелик-көргөзмолөрдү (постамент) тургузууга айылдык маданият үйүнун алдынан жер тилкесин бөлүп берүү  жөнүндө

Жошолу айылдык маданият үйүнүн алдындагы бош турган жер аянтынан 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып орнотулуучу эстелик-көргөзмөлөрдү (постамент) тургузууга  Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4-13-25-27-беренелерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарынын 43-беренесине таянып

Жошолу айыл өкмөтүнүн  айылдык КеңешининVI  чакырылышынын  XXXV заседаниясы

ТОКТОМ  КЫЛАТ :

1. 1941-1945жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып орнотулуучу эстелик-көргөзмөлөрдү (постамент) тургузууга  Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 4-13-25-27-беренелерине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамдарынын 43-беренесине ылайык, айылдык маданият үйүнүн алдындагы бош жерден 0,2 га жер аянты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде  жер аянттарын чектеп берүү жагын Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, ал эми чектелип берилген жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагын Алай райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суроо боюнча иш кагаздарын даярдап берүүнү айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Зикировго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча түзүлгөн комиссиясынын курамына жана айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Төрага :                                                                                                                                                                                                                     З.Боронов.