Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 09- марты № 35/8
Жошолу айыл өкмөтүндөгү Аюу-Тапан, Осоавиахим айылдарынын аянттарын аныктап-тактоо иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1999-жылдын 02-июнундагы № 46 Мыйзамынын 1-главасынын 21-статьясындагы “Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXXV заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 1999-жылдын 02-июнундагы № 46 Мыйзамынын 1-главасынын 21-статьясындагы “Административдик-аймактык бирдиктердин чек араларын белгилөө жана өзгөртүү” жөнүндөгү Мыйзамына ылайык , Осоавиахим жана Аюу-Тапан айылдарынын чек арасы Осоавиахим айылына катталып турган көрүстөндүн башталышынан жолдун үстүндө жайгашкан Доорбеков Мамытбектин үйүнөн баштап Аюу-Тапан айылы деп аталсын.
2. Ушул кабыл алынган токтомдун негизинде жер аянттарын чектеп берүү жагын Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, ал эми чектелип берилген жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагын Алай райондук кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суроо боюнча иш кагаздарын даярдап берүүнү айыл өкмөттүн жер адиси Ж.Зикировго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча түзүлгөн комиссиясынын курамына жана айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага : З.Боронов.