Загрузка документа…
ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVI заседаниясы
2020-жылдын 09- апрели № 36/1
Айыл аймагында COVID-19 вирустук-респиратордук, коронавирус оорусунун алдын алуу жана айыл аймагына киргизилген өзгөчө кырдаал жөнүндө
Жошолу айыл өкмөтүнүн айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXVI заседаниясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын аймагында дүйнөдө болуп жаткан коронавирустук инфекциянын (COVID-19) коркунучунун алдын алуу, жайылтуусуна жол бербөө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланып, анын ичинде айыл аймагында күжүрмөн даярдыктар жүргүзүү максатында тиешелүү аймактарды тосуу үчүн Коммунизм айылына кире беришине орнотулган өткөрмө-тосмолордун иштөөсү жеткиликтүү иш алып барышсын;
2. Тосмолордон башка жактан келе жаткан жарандардын кайдан, эмнеге келе жаткандыгын тактоо, алардын абалы кандай экендиги боюнча катуу көзөмөл жүргүзүлсүн;
3. Бул тосмого туруп сырттан келген жана сыртка чыга турган автомашиналарды, жарандарды каттоо, аларды өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн алдындагы штабдын мүчөлөрү, айылдык кеңештин депутаттары, айылдагы демилгелүү топтун мүчөлөрү жана участкалык инспектор тартылсын жана булардын туруу боюнча түзүлгөн графиктин негизинде иш алып барышсын;
4. Тосмого дежур болуп турган ар бир кызматкерге же жаранга спирт ичимдигин ичүүгө, таштандыларды туш келди ыргытууга тыюу салынсын.
5. Калкты азык-түлүк менен камсыздоо максатында азык-түлүк алып келүүгө баруучу дүкөндөрдүн ээлерине (жумасына бир жолу) өтүүсүнө тоскоолдук кылынбасын.
6. Ден соолугу боюнча доктурга жана дары-дармекке баруучу жарандарга айыл аймагындагы эмканалардын маалыматы менен гана өтүүгө уруксат берилсин.
7. Айыл аймагынан сырткары Гүлчөдө иштеген айыл өкмөттүн жашоочуларын эрте менен жумушка жана кечинде жумуштан кайтканда өткөрүү, ошондой эле жазгы талаа жумуштары башталып калгандыгына байланыштуу курулуш материалдарын сатып иштеген атуулдарга жана жер айдоо үчүн күйүүчү май алып келүүгө бара турган трактор айдоочулар тоскоолдуксуз өткөрүлсүн.
8. Айыл аймагынан сырттан келген малдарды алып өтүүдө ветеринардык № 1- форма менен гана өткөрүлсүн, ал эми айыл аймагындагы малды эмдөөдөн өткөрүү, жугуштуу оорулары менен ооруп калса дары-дармек менен камсыздоо жагы айыл өкмөттүн ветеринардык кызматкери С.Алымкуловго жүктөлсүн.
9. Дүйнөлүк экономикалык кризистин, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу максатында айыл аймагында дан өсүмдүктөрүн эгүү боюнча калкка эскертилсин, ошондой эле дан эгиндеринин уругу, күйүүчү май , жер семирткичтер менен камсыздоо айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
10. Ушул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн штабдын курамына жана айылдык кеңештин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | З.Боронов |