Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-октябры №17.1
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимин бекитүү жөнүндөгү Капчыгай айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү Министрлигинин Кара-Кулжа райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Капчыгай айыл өкмөтүнүн ортосундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айылдык Кеңешинин бардык туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кенешинин төрайымы П.Сайдилканова