Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-ноябры №17.2
Капчыгай айыл аймагындагы маалыматтык күркөөнү (Таза коом) айыл өкмөтүнө өткөрүп алуу жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтү Кара-Кулжа районунун борборунан 40 км чакырым алыстыкта тургандыгына байланыштуу айыл өкмөттүн аймагындагы маалыматтык күркөөнү (Таза коом) айылдык шартка колдонуунун зарылчылыгына ылайык келишимдин негизинде өткөрүп алуу максатында Капчыгай айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Капчыгай айыл аймагындагы маалыматтык күркөөнү (Таза коом)айыл өкмөтүнө өткөрүп алуу боюнча келишим бекитилсин.
2. Келишимде көрсөтүлгөн төмөндөгү ыйгарым укуктар аткарууга алынсын:
-Кыргыз Республикасынын жарандык паспортун алмаштыруу боюнча документтерди кабыл алуу жана берүү;
-жарандардын жашаган жери боюнча чыгып, кирүүсү боюнча каттоону жүргүзүү;
-төрөлгөндүгүнө мамлекеттик каттоо жүргүзүү жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү;
-никени мамлекеттик каттоо боюнча документтерди кабыл алуужана нике күбөлүк берүү;
-аталыкты аныктоо боюнча документтерди кабыл алуу жана күбөлүк берүү;
-бала төрөлгөн учурда бир жолу төлөнүүчү «Балага сүйүнчү» боюнча документтерди даярдоо;
-милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) бланкасын берүү;
3. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн башчысы М.Сатыбалдыевге тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кенешинин төрайымы П.Сайдилканова