Загрузка документа…
КАПЧЫГАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №18 .1
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө
Капчыгай айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө Капчыгай айыл өкмөтүнүн финансы –экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жаманкуловдун берген сунушун угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2020 -жылга карата Капчыгай айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү тендештирүүчү гранттан 4.265 .800 сом, жергиликтүү кирешеден 1 598,400 мин сом ,атайын каражаттан 70.200 сом өлчөмүндө жалпы 5.934.400 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Капчыгай айыл өкмөтүнө тиешелүү мекеме-уюмдар тарабынан кабыл алынып жаткан нормативдик актылардын негизинде,ошондой эле өндүрүштүк көлөмдөрдүн бааларынын денгээлин, инфляциянын болуп жаткан башка процесстеринин эсебинен келип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик чөйрөдөгү тармактар арасындагы статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү жыл ичинде киргизип турууга укук берүү менен, бул өзгөртүүлөр айылдык кенештин сессиясында каралып бекитиле тургандыгы белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Капчыгай айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Жаманкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Капчыгай айылдык Кеңешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кенешинин төрайымы П.Сайдилканова