Загрузка документа…
МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы №18.3
Кара–Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү тууралуу 09.01.2020-жылы келтирилген № 11-24-2020 чыгуу санындагы сунушту кароо жөнүндө
Кара-Кулжа райондук прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын катынын негизинде «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын ,кирешелерин, чыгымдарын Милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча Капчыгай айылдык Кенешинде жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы тууралуу айылдык Кенештин төрайымы П.Сайдилканованын маалыматын угуп жана талкуулап Капчыгай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин ,жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүүдө аныкталган мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн айылдык Кеңештин депутаты С. Калыбаевге жана баардык депутаттарына эскертилсин жана аларга мындан ары Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, анын ичинде жогоруда аталган Мыйзамдын талаптарынын бузулушуна жол бербей, сакталышын камсыз кылуу жана Мыйзам талаптарын так аткаруу жагы милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Капчыгай айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартиби, Кеңештердин иштери, депутаттык этика ,коомдук уюмдардын,саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына (М.Мамековго) тапшырылсын.
Капчыгай айылдык Кеңешинин төрайымы П.Сайдилканова