Редакцияот 17.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ- НООКАТ  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (алтынчы   чакырылышы)

30- кезектеги  сессиясы

 

2019-жылдын “17” декабры № 2

Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер кѳрсѳтүү тууралуу

Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер кѳрсѳтүү туралуу Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Шалдырама айылынын тургундарынын 2019-жылдын 25- ноябрындагы Протоколун карап чыгып “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык  Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Шалдырама айылынын тургундарынын 2019-жылдын 25- ноябрындагы протоколунун негизинде Жаңы-Ноокат айылынын тургуну 7- март 1960-жылда туулган “Илхом” дыйкан чарбасынын мүчѳсү Юлдашов Розали Турсуналиевичтин талапкерлиги  кѳрсѳтүлсүн.

2. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Ноокат райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  мыйзамдуулук боюнча туруктуу комисиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин  тѳрагасы                                                                                                                                         А.Имамов