Редакцияот 17.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ- НООКАТ  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат  айылдык  Кеңешинин (алтынчы   чакырылышы)

30- кезектеги  сессиясы

 

2019-жылдын “17” декабры №  4

Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына сапаттуу транспорттук кызматты кѳрсѳтүү жана кызмат кѳрсѳтүү арекеттерди уюштурууга макулдук берүү жѳнүндѳ

“Оомат” такси кызмат кѳрсѳтүүчү жеке ишкер Б.Мадумаровдун 2019-жылдын 14- декабрындагы өтүнүч катын карап чыгып Кыргыз Республикасынын  2011-жылдын 15- июлундагы “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү “ № 101-сандуу  мыйзамынын негизинде  Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына сапаттуу транспорттук кызматты кѳрсѳтүү жана кызмат кѳрсѳтүү арекеттерди жүргүзүү максатында :

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин кезектеги сессиясинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. “Оомат” такси кызмат кѳрсѳтүүчү жеке ишкер Б.Мадумаровго Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургундарына сапаттуу транспорттук кызматты кѳрсѳтүү жана кызмат кѳрсѳтүү арекеттерди уюштурууга макулдук  берилсин.

2. “Оомат” такси кызмат кѳрсѳтүүчү жеке ишкер Б.Мадумаровга атайын офис ачып, ишмердүүлүктү жүргүзүшү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде  ишмердүүлүктү жүргүзүп,  салык жана башка тѳлѳмдѳрдү ѳз убагында жергиликтүү бюджетке тѳлѳп турушу  тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссясына  тапшырылсын

 

Жаңы-Ноокат  айылдык кеңешинин  тѳрагасы                                                                                                                                               А.Имамов