Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17 декабрь № 6
Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сакталышы боюнча участкалык милициясынын тескѳѳчү инспекторунун отчоту жѳнүндѳ
Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо, айыл тургундарынын мыйзам талаптарынын аткарылышы, улуттар аралык достукту чыңдоо багытында бир топ иштер аткарылышы менен биргеликте мыйзам талаптарын аткарылышында айыл тургундары тарабынан мыйзам бузууларга жол берилгендиги белгиленди. 2019-жылдын 11 ай ичинде баары болуп 120 арыз катталган. Анын ичинен 40 кылмыш жана 80 жорук катталган. Коомдук жайларда катталган кылмыштар 7, үй-бүлѳѳлүк зомбулук 16, ал эми 2 кылмыштын бети ачылган эмес. Бул кылмыш Кызыл-Тейит айылынын тургуну 1960-жылда туулган Сатыбалдев Сапарбектин үйүнѳн 15200 сом,700 АКШ доллар акчасын белгисиз адамдар уурдап кетишкен. Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы “Сахаба” эс алуу багында ОШ шаарынын тургуну 1977-жылда туулган Салиев Алтынбекке таандык болгон Россия ѳңдүрүшүндѳгү “Бульдозер” аппаратын белгисиз атуулдар бузуп талкалап кетишкен.
Айыл аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып баруучу тескѳѳчү милиция инспекторлору менен айыл тургундарынын биргеликте иш алып баруулары үчүн визитке таркату иштери иш жүзүнѳ ашырылды.
Айыл аймагында барып мектеп окуучулары жана ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштуулукту болтурбоо,алдын алуу,патириоттук мыйзамдарды сыйлоо сезимдерин тарбиялоо максатында “Ачык Эшик” аттуу иш-чараларын өткөрүп , түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукту алдын алууну мындан ары күчѳтүү максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясыжѳнүндѳгү мыйзамын жетекчиликке алып Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин сессиясинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл аймагында коомдук тартипти сакталышы боюнча участкалык милициясынын тескѳѳчү инспекторунун 2019-жылда жүргүзгѳн ишмердүүлүгү канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл аймагында коомдук тартипти сактоо боюнча иш алып баруучу тескѳѳчү милиция инспекторлорун айыл тургундарынын менен жакындыгын камсыз кылуу багытындагы визитка таркатуу ыкмасын мындан ары улантууга атайын кѳңүл буруулары зарыл экендиги белгиленсин.
3. Айыл аймагында мектеп окуучулары жана ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштуулукту болтурбоо, алдын алуу, патириоттук мыйзамдарды сийлоо сезимдерин тарбиялоо максатында “Ачык Эшик” атуу иш-чараларын турукту ѳткѳрүп туруу жагы камсыз кылынсын
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин мыйзамдуулук маселелери боюнча туруктуу комисиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы А.Имамов