Загрузка документа…
ЖАҢЫ- НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17 декабры № 7
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2019-2022- жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасына киргизилген М Улугбек атындагы орто мектебине жабык типтеги (кичик) спорттук аянтча куруу жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2019-2022- жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү стратегиялык планында Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү М Улугбек атындагы орто мектебине үстү жабык (кичик) спорттук аянча куруу пландаштырылган. Бул долбоор мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылануусу үчүн айыл өкмөтүнүн өздүк салымын кошуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамыны 18-беренесинин 1-пункутунун негизинде Жаңы-Ноокат айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндөгү М Улугбек атындагы орто мектебине жабык типтеги (кичик) спорттук аянтча куруу. Спорттук аянтча куруу үчүн мамлекеттик үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылоого долбоор даярдоо Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. М Улугбек атындагы орто мектебине жабык типтеги (кичик) спорттук аянтча куруу үчүн даярдалган долбоорго айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен өздүк салымга 500 000 (беш жүз миң)сом акча каражатын ажыратуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет , экономика жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин тѳрагасы А.Имамов