Загрузка документа…
МАҢГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-сентябры № 23-66
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык айрым социалдык коргоо маселелелери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Мангыт айыл өкмөтү менен Араван райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы келишимди бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Мангыт айлдык Кенешинин сессиясы күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык айрым социалдык коргоо маселелелери боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү боюнча Мангыт айыл өкмөтү менен Араван райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын ортосундагы келишим бекитилсин.
2. Бекитилген келишимдин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгүртүү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенешитин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Абдураимов |