Загрузка документа…
МАҢГЫТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 25-декабры №25-70
Мангыт айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Мангыт айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Мангыт айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү келишими бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Мангыт айыл өкмөтүнүн аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Жалилов Жанарбек Толкунбаевич бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мангыт айыл өкмөтүнүн башчысы А.Абдуллаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Абдураимов |