Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-апрели №235
Бюджеттик акча каражаттарды бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги №128-б буйругуна негизинде Ош шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги №151/08-6 турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын мезгилинде акысыз материалдык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинен Ош шаарына бөлүнгөн 18,2 млн. сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кабыл алып, шаардагы турмушу оор кырдаалда турган адамдарды азык-түлүк менен камсыздоого бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 212-беренесине жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2020-жылдын 22-апрелиндеги отурумунун № 11 токтомуна ылайык, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 14-апрелиндеги №128-б буйругуна ылайык турмуштук оор кырдаалда турган адамдарга өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын мезгилинде акысыз материалдык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинен Ош шаарына бөлүнгөн 18 222 400 сом акча каражаты Ош шаарынын 2020-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизилип, аталган сумма шаардагы турмушу оор кырдаалда турган жарандарды азык-түлүк менен камсыздоого бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашов) өзгөчө кырдаалдын жана өзгөчө абалдын мезгилинде азык-түлүккө муктаж жарандардын тизмесин тактоо менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджеттик резервинен Ош шаарына бөлүнгөн 18 222 400 сом акча каражатын мыйзамда каралган тартипте максаттуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (С.Маматалиева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |