Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы 30-3
А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесинин 6-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамына ылайык Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын,Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Ноокат райондук Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим бекитилсин;
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында аткаруу милдети, айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча адистерине бекитилсин;
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Мыйзамдуулук, мандат,укук, этика жана дин иштери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | И.Исмоилов |