Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
11.02.2020-жылдын 11-февралы 30-5
«Ноокат универсал базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун аралаш соода базарынын блоктордун арасындагы жолдордун жер салыгынан бооштотуу жөнүндө
А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан «Ноокат универсал базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун аралаш соода базарынын Мамлекеттик актынын ичинде А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын туругндарынын жер үлүшү болуп 2003-жылдын 4-июлунда Ноокат райондук архитектура тарабынан чийилген башкы план негизинде блокторго бөлүп элдерге ажыратып берилген жана ошол блоктор арасында жол ажыратылган,жолдордун жер салыгын жок кылуу үчүн 2017-жылдын 15-январындагы Ноокат универсал базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун аралаш соода базарынын уюштуруучулардын жалпы чогулуш протоколу, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4-главасынын 31-статьяларынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 17-гл. 131-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнүн 9-пункт жана 51-глава 343-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. А.Мирмахмудов айыл аймагында жайгашкан «Ноокат универсал базары» жоопкерчилиги чектелген коомунун аралаш соода базарынын Мамлекеттик актынын ичинде Мирмахмудов айыл аймагынын тургундарынын жер үлүшү болуп 2003-жылдын 4-июлунда Ноокат райондук архитектура тарабынан чийилген башкы план негизинде блокторго бөлүп элдерге ажыратып берилген жана ошол блоктор арасында 11605 м2 жол ажыратылган. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 4-главасынын 31-статьяларынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын 17-гл 131-беренесинин 1-пунктунун 1-бөлүмчөсүнүн 9-пункт жана 51-глава 343-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде жолдордун жер салыгы жок кылынсын.
2. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
3. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн салык кызматчыларына жүктөтүлсүн
4. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | И.Исмоилов |