Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 23-4
Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу.
Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн жана штаттык санын бекитүү тууралуу маселени угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата штаттык түзүмүнүн саны төмөндөгүдөй болуп бекитилсин: башчы-1, орун басар—1, жооптуу катчы-1, ФЭБнүн башчысы-1, башкы адис-5, жетектөөчү адис-5, адис-2, айыл башчы-4, ВУС-4, кенже тейлөөчү кызматкер-1 жана техникалык тейлөөчү кызматкер -2 болуп бардыгы 27 штаттык саны бекитилсин.
2. Бекитилген штаттын түзүмүн жана санын сактоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |