КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы
2019-жылдын 30-декабры № 23-5
Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан өз кирешелерин жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктыруу максатында бөлүнүп берилген акча каражатын чыгымдоону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан өз кирешелерин жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктыруу максатында бөлүнүп берилген акча каражатын чыгымдоону бекитүү тууралуу айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан өз кирешелерин жогорулатуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызыктыруу максатында бөлүнүп берилген акча каражатын чыгымдоону бекитүү тууралуу айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечими бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде чыгарылган буйругунун негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |