Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 23-6
Тендер аркылуу 50 миңден жогорку суммадагы аткарылган иштерге мониторинг жүргүзүү жана кабыл алуу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын бекитүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган акча каражаттарынын мыйзамдуу жана таза иштелишин көзөмөлдөө максатында КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 13-пунктуна ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тендер аркылуу 50 миңден жогорку суммадагы аткарылган иштерге мониторинг жүргүзүү жана кабыл алуу боюнча төмөндөгүдөй комиссиянын курамы түзүлсүн:
Жороев Н, Куу-Майдан айылынын депутаты-комиссиянын төрагасы.
Мамашарип уулу Д, Байыш айылынын депутаты.
Анарбаев С, Арбын айылынын депутаты.
Маматмуса уулу К, Шаңкол айылынын депутаты
Молдобаев М, Шаңкол айылынын депутаты.
2. Тендерден утуп алган ишкананын аткарган жумушуна мониторинг жүргүзүп кабыл алуу жагы комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |