КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин (6-чакырылышы) кезексиз жыйырма төртүнчү сессиясы
2020-жылдын 31-январы № 24-3
Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2020-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу
Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2020-жылга карата бөлүштүрүү тууралуу «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Кудайназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 8-главанын 44-беренесинин 4-пунктуна жана 16-главасынын 78-беренесинин 2,3-пункттарына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин ашкан калдыгын 2020-жылга карата №1-тиркемеге ылайык бөлүштүрүлүп бекитилсин. Анын ичинен атайын каражаттын эсебинен 154,4 миң сом балдар бакчаларынын керектөөсүнө жумшалсын.
2. Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине кошумча айлык акы үчүн 175,2 миң сом, соц фондго 30,2 миң сом бөлүнүп берилсин..
3. Бөлүнгөн акчаны каржылоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |