Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 24-4
Ош-Баткен авто жолунун Ак-терек айылындагы участкасынын 1120 метр аралыгына жарыктандыруу орнотуу тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы Ош-Баткен авто жолунун 1120 метр аралыгына жарыктандыруу коюуу тууралуу Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Ташполот уулу Бексултандын билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Ак-терек айылындагы Ош-Баткен трассасынын 1 км 120 метр аралыкка жарыктандыруу коюууга айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгы, көрсөтүлгөн участкада айыл өкмөтүнүн калктуу конушу жайгашпагандыгы жана ошондой эле бул жер айыл өкмөтүнүн балансасында турбагандыктан акча каражатын кароо жагы мыйзам талаптарына туура келбестиги эске алынсын.
2. Ош-Баткен автожолу эл аралык маанидеги жол экендигин эске алуу менен Республикалык бюджеттен жана башка тармактардан каражат табуу жагы сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |