Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 31-январы № 24-5
Кеңеш айыл аймагындагы № 3-китепканага Мырзаш Аширбековдун ысмын ыйгаруу тууралуу
Кеңеш айыл аймагындагы № 3-китепканага Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, көптөгөн чыгармалардын ээси, бир нече сыйлыктардын ээси, айылыбыздын көрүнүктүү чыгармачыл инсаны болгон жердешибиз маркум Мырзаш Аширбековдун ысмын ыйгаруу тууралуу сунушту угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 14-пунктчасына таянып Кеңеш айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагындагы № 3-китепканага Кыргызстан жазуучулар союзунун мүчөсү, көптөгөн чыгармалардын ээси, бир нече сыйлыктардын ээси, айылыбыздын көрүнүктүү чыгармачыл инсаны болгон жердешибиз маркум Мырзаш Аширбековдун ысмын коюуу тууралуу сунуш жактырылсын.
2. Кеңеш айыл аймагындагы № 3-китепканага Мырзаш Аширбековдун ысмын коюууга керектүү документтерди даярдап, тиешелүү жактарга жөнөтүү жагы китепканачы Г.Тилебаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык , маданий, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |