Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21 –декабры № 26/2
Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы , 2019-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2020-жылдын бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2019-жылдын бюджети боюнча маалымат, 2020-жылдын бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылга бюджеттин болжолдуу планын бекитүү боюнча айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Б.Токтобаеванын билдирүүсүн жана Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун докладын угуп жана талкуулап,
Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга кирешелер боюнча бекитилген планы 23226,2 миң сомго, такталган киреше бөлүгүнүн планы 32926,2 миң сомго, киреше бөлүгүнүн аткарылгандыгы 33314,2 миң сом, чыгаша боюнча 29026,0 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2019-жылга карата киреше бөлүгү 22229,1 миң сомго (анын ичинен толуктоочу грант 12959,7 миң сом өздүк киреше бөлүгү 9269,4 миң сом, Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү максаттуу трансферттер 1327,0 миң сом) жана чыгаша бөлүгү 20283,7 миң сомго аткарылышы боюнча маалыматы жактырылсын. 3. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгү 19020,7 миң сомго бекитилсин. Толуктоочу грант 14950,9 миң сом, өздүк киреше 3404,8 миң сом, болгондугу белгиленсин.Анын ичинен атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 665,0 миң сомго бекитилсин. 4.Ленин айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылга карата болжолдуу планы 18869,4 миң сомго, 2022-жылга карата болжолдуу планы 18383,6 миң сомго бекитилип , мыйзам чегинде толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алынсын. 5.Жергиликтүү жана Республикалык бюджеттен берилүүчү акча каражатын чыгымдоону жыл ичинде өз максатында, сарамжалдуу пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү кызматкерлеринен,бардык билим берүү жана маданият тармагынын мекемелеринин жетекчилеринен талап кылынсын ,ошондой эле аны көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Мамановго тапшырылсын. 6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Арынбаев |