Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры № 26/9
Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 190,1 миң сом калган калдык акча каражатын 2020-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 190,1 миң сом калган калдык акча каражатын 2020-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановдун 21-декабрдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап ,Ленин айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин өздүк кирешесинен 1755,3 миң сом калган калдык акча каражатын 2020-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Ленин айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Б.Токтобаеванын жана айыл өкмөтүнүн Н.Матановдун 21-декабрындагы билдирүүлөрү эске алынсын.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинин атайын каражат бөлүгүнөн 190,1 миң сом калган калдык акча каражаты төмөндөгү беренелерге иштетилсин.
Чыгаша бөлүгү:
Аталышы | Бөлүк | Берене | Сумма (мин сом) |
Бала бакча | 70911 | 22211100 | 85,1 |
Бала бакча | 70911 | 31123290 | 105,0 |
Жыйынтыгы: |
|
| 190,1 |
3. Атайын каражаттын 2019-жылдан калган калдык акча каражатын 2020-жылдын сметасынын чыгаша бөлүгүнүн керектелүүчү беренесине отургузуп,тиешелүү эсептерди түзүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Мамановко жүктөсүн.
4 Акча каражатын иштетүүгө уруксат берүү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
5 .Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Матановго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Арынбаев |