Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-декабры № 26/11
Турак-жай куруу үчүн берилген жер аянтына болгон менчик укугун таануу жөнүндө
Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын Тооашкан участкасынын тургуну Исиров Таштанбектин турак-жай куруу үчүн берилген 2500,0 чарчы метр жер аянтына менчик укугун далилдөөчү документтеринин жоктугуна байланыштуу карап чыгып , Ленин айылдык Кеңештин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын Тооашкан участкасынын тургуну Исиров Таштанбектин турак-жай куруу үчүн берилген 2500,0 чарчы метр жер аянты кайрадан чектелип берилсин.
2. Токтомдун негизинде жер участкасын тактап,иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
3. Тийиштүү документтерди мамлекеттик котоодон өткөрүү жагы Кадастр мамлекеттик мекемесинин Алай филиалынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерге жайгаштыруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Алиевке тапшырылсын.
Төрага | Б.Арынбаев |