Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 15-августу №2
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, К. Бобулов атындагы орто мектебине жана ар түрдүү иш чараларга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген айыл өкмөтүнүн бюджетинен эмгек акы төлөө фондунун административдик чыгымы жөнүндөгү бөлүмүндө, айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкерине эмгек акы төлөө беренеси каралбагандыктан Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилүүчү эмгек акысына кошулуп эсептелип калган экономист-статист кызматкердин эмгек акысы жана социалдык фондго төлөнүүүчү 189,5(бир жүз сексен тогуз мин беш жүз) сом төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 50000 (элүү мин) сом
- К. Бобулов атындагы орто мектебинин жасалгалоо жумуштарына 56000(элүү алты мин)сом.
- Ар түрдүү иш чараларга 83500 (сексен үч мин беш жүз)сом.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин “экономика, бюджет, соода жана ишкердик” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мурзаматов |