Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 15-августу №3
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Калдай айылындагы Калдай орто мектебине Камалдинов Майсалбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Калдай Айылындагы Калдай орто мектебине Камалдинов Майсалбектин ысымын ыйгаруу максатында Т. Зулпуев айыл өкмөтүндөгү Калдай айылынын тургундарынын протоколунун негизинде Т. Зулпуев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Калдай айылындагы Калдай орто мектебинин жамаатынын протоколу колдоого алынсын.
2. Т. Зулпуев айыл өкмөтүнө караштуу Калдай айылындагы Калдай орто мектеби Камалдинов Майсалбек атындагы “Калдай” орто мектеби деп аталышына макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго тапшырылсын.
Төрага | К. Мурзаматов |