Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-августу № 5
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылындагы муниципалдык менчиктеги 210,0 чарчы метр жер аянтына ветеринардык сервис куруу жөнүндөгү №47 23.07.2019-жылдагы токтомун бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деген жарлыгына ылайык аймактарды өнүктүрүү максатында Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылына муниципалдык менчиктеги заманбап ветсервис курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү Т. Зулпуев айыл өкмөтүнүн №47 23.07.2019-жылдагы токтомун кароо максактында Т. Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкм өтүнүн Кашкалдак айылына ветсервис куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү №47 23.07.2019-жылдагы токтому жактырылсын.
2. Аталган жер аянтына тиешелүү болгон иш кагаздарынын мыйзамдуу жактарын кароо жана Ноокат районунун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана Ноокат райондук шаар курулуш жана арихитектура боюнча башкармалыгынын документтерин даярдоо Т.Зулпуев айыл өкм өтүнүнү башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн
Төрага | К. Мурзаматов |