Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-декабры №1
Кара-Кой айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Ноокат районунун Кара Кой айылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25- июнундагы № 377 –токтомунун негизинде жана Кара–Кой айылынын тургундарынын суроо талаптарын канатандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексини 18- беренесин жетекчиликке алып Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кой айылы Кара Кой Калдай айылы деп аталсын.
2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кара -Кой Калдай айылындагы, Бодоев Абдилашимдин үйүнөн- Калдай мечитине чейин Кара -Кой көчөсү деп аталсын, Кара Кой мектебинин имаратынан, Турдубаев Ташбайдын үйүнө чейин Ак-Сай көчөсү деп аталсын, Аттокуров Жолдоштун үйүнөн-Орозов Темирбектин үйүнө чейин Чоку–Таш көчөсү деп аталсын, жана Аттокуров Акжолдун үйүнөн -Аттокуров Жаныбайдын үйүнө чейин Ак-Таш көчөсү деп аталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жерге жайгаштыруу транспорт курулуш, өнөр жай экология маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Мурзаматов |