Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-декабры №26-6
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондундагы кайрак айдоо жер аянттарын калктуу конуштун жер аянттары багытындагы которуга макулдук берүүжөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарын кенецтүү жана тургундардын турак жай маселеси чечип берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн демилгесин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18- беренесин жетекчиликке алып,Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн төмөндөгү кайра бөлүштүрүү фондундагы кайрак айдоо жер аянттары калктуу конуштун жер аянтары багытында которуу жөнүндөгү демилгеси колдоого алынсын жана макулдук берилсин.-Акчабуу айылындагы контуру номери жок кайрак айдоо 20га (жыйырма гектар)-Артылма Учбай айылы №279 контурдагы кайрак айдоо 5га(Беш гектар)-Кыркол бөлүмүндөгү №1002-1003-контурдагы кайрак айдоо 8га (сегиз гектар) Калта-Кыркол №1012-контурдагы кайрак айдоо 8га (сегиз гектар) –Барын, Саманкана, Камал-ата бөлүмүндөгү №573-контурдагы суулуу айдоо 30га (отуз гектар) Кызыл бөлүмүндөгү №102- контурундагы 4га (төрт гектар)жалпы 75 га жер аянты.
2. Жогорудагы аталган жер аянттарынын максаттуу пайдалануу багытын, калктуу конуштун жер аянттары багытына которуп берүүнү Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Аталган жер аянтына тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүүнү Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынын директорунан жана Ноокат райондук шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалагынын башчысынан суралсын.
4. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдетендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мурзаматов |