Загрузка документа…
Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 9-декабры №7
Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги 2 га жер аянтынын ичинен 0,80 га,(сексен сотых) жер аянтын аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калта-Кыркол бөлүмүндөгү № 1013-контурунда жайгашкан айыл чарбасына ынгайсыз, пайдаланылбай жаткан муниципиалдык менчиктеги 2га (эки гектар) жер аянтынын ичинен 0,80га (сексен сотых) жер аянтына инвестиция тартуу максатында аукцион аркылуу жеке менчике сатуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн демилгесин угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү Мыйзамынын” 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасынын негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Калта-Кыркол бөлүмүндөгү № 1013-контурда жайгашкан айыл чарбасына ынгайсыз, пайдаланылбай жаткан муниципиалдык менчиктеги 2 га (эки гектар) жер аянтынын ичинен 0,80 га (сексен сотых) жер тилкесин аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Аукционго коюулучу 0,80 га. (сексен сотых) жер аянтынын мыйзамдуулугун кароо тиешелүү иш кагаздарын аткаруу жана даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай,экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мурзаматов |