Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-сентябры № 8-1
Дыйкан-Кыштак айылындагы курулуп жаткан коомдук аймактык кеңешинин (ТОС) курулушун толук бүтүрүү жана ал имараттын аймагына от казанды (котельныйды) санитардык түйүнү менен долборлоо жана керектүү эмеректерди сатып алуу жөнүндө
Дыйкан-Кыштак айылындагы курулуп жаткан коомдук аймактык кенешинин (ТОС) курулушун толук бүтүрүү жана ал имараттын аймагына от казанды (котельныйды) санитардык түйүнү менен долборлоо жана керектүү эмеректерди сатып алуу үчүн айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын которуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановдун сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкан-Кыштак айылындагы курулуп жаткан коомдук аймактык кеңешинин (ТОС) курулушун толук бүтүрүү үчүн айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын эсебинен 164918(бир жүз алтымыш төрт мин тогуз жүз он сегиз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Дыйкан-Кыштак айылындагы курулуп жаткан коомдук аймактык кеңешинин (ТОС) имаратынын аймагына от казанды (котельныйды) санитардык түйүнү менен куруу үчүн айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин эсебинен 639557(алты жүз отуз тогуз мин беш жүз элүү жети) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Имаратка керектүү эмеректерди (мебелдерди) даярдатып сатып алууга, 2019-жылдын эсебинен кошумча кирешенин негизинде 368800 (үч жүз алтымыш сегиз мин сегиз жүз) сом, 2020-жылга 448400 (төрт жүз кырк сегиз мин төрт жүз) сом жергиликтүү бюджтеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
4. Бул токтомдун өз убагында аткарылышын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Бердиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин бюджет жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруусу Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төрага | К.Турдиев |