Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 17-сентябры № 8-3
Учар айылындагы балдар бакчасын реконструкциялоо жөнүндө
Учар айылындагы балдар бакчасын реконструкциялоо үчүн айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын которуу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановдун сунушун угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Учар айылындагы балдар бакчасын реконструкциялоо иштерин бүтүрүү үчүн айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын эсебинен 4244,721мин (төрт миллион эки жүз кырк төрт мин жети жүз жыйырма бир мин) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бул токтомдун өз убагында аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а. Х. Сулаймановго жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Бердиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кеңешинин бюджет жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | К.Турдиев |