Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-ноябры № 9-3
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү кызматын бирдиктерин берүүнү сунуштоо жөнүндө
Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынан бекитилип, Төлөйкөн айыл өкмөтүнө 2 (эки) штаттык бирдикти социалдык маселелер боюнча тейлөөгө сунуштоо боюнча маселени угуп жана талкуулап Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүндө Кара-Суу райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын штаттык бирдигинен бекитилип, келишимдин негизинде иштеп, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарын социалдык маселелери боюнча тейлеп берүүсү сунушталсын.
2. Токтомду ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин социалдык, маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төлөйкөн айылдык кенешинин төрагасы: К. Турдиев
Катчысы: Р. Карабаева