Редакцияот 24.05.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары,Өкмөт Үйү2005-жылдын 24-майы, ПЖ № 187              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН МИЛДЕТИН                         АТКАРУУЧУНУН ЖАРЛЫГЫ                                   "Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасын түзүү                                 жөнүндө                                      Темиржол  транспортун  башкаруу системасын өркүндөтүү,  анын  ишинкоординациялоо  жана  Кыргыз  Республикасынын    аймагында   темиржолтранспортунун өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу максатындатоктом кылам:   1.    Кыргыз   Республикасынын   Транспорт   жана   коммуникацияларминистрлигине   караштуу   Кыргыз  темиржол  башкармасынын   базасындаоперативдүү  башкаруу укугуна негизделген  «Кыргыз темиржолу»  Улуттуккомпаниясы» мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.   2.  Жогоруда  аталган ишкана Кыргыз Республикасынын Транспорт  жанакоммуникациялар министрлигине караштуу Кыргыз темиржол  башкармасынынукук мурастоочусу деп эсептелсин.   3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:   -  «Кыргыз  темиржолу»  Улуттук компаниясы мамлекеттик  ишканасынынУставын иштеп чыксын жана бекитсин;   - ушул Жарлыктан келип чыккан башка маселелерди чечсин;   - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.   4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн. баштап күчүнө кирет.  Кыргыз Республикасынын Президеитинин     милдетин аткаруучу                                   К.Бакиев