Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 10-2-1
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата салык төлөмдөрү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн тургундарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн төлөнүүчү салыктын түрүнөн 2020-жылга карата бошотуу боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г. Бердиеванын билдирүүсүн угуп, талкуулап депутаттардын Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга карата айыл өкмөтүнүн тургундары таштандыларын ташып чыгаруу үчүн (плата за вывоз мусора, код платежа 14224200) төлөнүүчү салыктын түрүнөн бошотулсун.
2. Бул токтомдун мыйзамдуулугу жана аткарылышы айылдык кенешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына, ФЭ бөлүмүнө, салык кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкөмөтүнүн башчысы З. Мазаевге жүктөлсүн.
Төрага |
К.Турдиев |
|
Х. Сулайманов |
Катчысы: