Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 10-6
Төлөйкөн айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жана муниципалдык менчиктеги жерлеринин ижара акысын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондунун жана муниципалдык менчиктеги жерлеринин ижара акысын бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Ш. Исраил уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү 1га сугат айдоо жерлерге 4000(төрт мин)сомдон 6000(алты мин)сомго чейин (жерлердин шарттарына карап) берилсин. Улуу Ата Мекендик жана Афган согушунун ардагерлерине 0,25га жер аянтын ижара акысыз, үй шарты өтө начарларга 2000(эки мин)сомдон берилсин.
2. Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү 1га кайрак айдоо жерлерге 500(беш жүз)сомдон 1000(бир мин)сомго чейин (жердин шартына карап) берилсин.
3. Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү 1га көп жылдык бак-дарактарга 3000(үч мин)сомдон 8000(сегиз мин)сомго чейин берилсин.
4. Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү 1га айыл чарба багытындагы эмес жерлерди (жердин шартына карап) 5000(беш мин)сомдон 15000(он беш мин)сомго чейин берилсин.
5. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Ош шаарына жакын аймактагы жана айыл чарба багытында эмес жер аянттарынын 1 чарчы метри 50(элүү)сомдон 200(эки жүз)сомго чейин белгиленсин.
6. Бул токтомдун мыйзамдуулугун кароо жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ижара боюнча жетектөөчү адиси Исраил уулу Шерикбекке тапшырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кенешинин төрагасы: К. Турдиев
Жооптуу катчы: Х. Сулайманов