Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 10-8
Төлөйкөн айыл аймагынын айылдарынын ички көчөлөрүнө согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө наам берүү боюнча элдик жыйындын протоколун, иш кагаздарын карап, айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Согуштун жана эмгектин ардагерлеринин ысымдары төмөнкү көчөлөргө ыйгарылсын:
1.1. Учар айлынын ички көчөлөрүнүн бирине Кадыров Сапарбайдын ысымы ыйгарылсын.
1.2. Кыргызстан айылынын ички көчөлөрүнүн бирине Семетеев Кыдындын ысымы ыйгарылсын.
1.3. Учар айылынын көчөлөрүнүн бирине Ташпулатов Бегалинин ысымы ыйгарылсын.
1.4. Жапалак айылынын ДЭУ участкасынын көчөлөрүнүн бирине Анарбаев Адылбектин ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы З. Мазаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: К. Турдиев
Катчысы: Х. Сулайманов