Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
30.12.2019-жылдын 30-декабры № 10-8-1
Төлөйкөн айыл аймагынын айылдарынын ички көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Төлөйкөн айыл аймагындагы жаңы конуштардын көчөлөрүнө наам берүү боюнча элдик жыйындын протоколун, иш кагаздарын карап, айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде Төлөйкөн айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дыйкан-Кыштак айылынын ички көчөлөрүнө Чынгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы З. Мазаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, жер агрардык реформа, турак-жай, өнөр-жай курулуш, энергетика, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин төрагасы: К. Турдиев
Катчысы: Х. Сулайманов