Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
СУЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ ХХ1-СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 22-апрели №6
«Жерлерди которууга макулдук берүү жөнүндө»
Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун, “Аска Стоун” ЖЧКна Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан бөрилген 6165 ТЕ лицензиясын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жерлерди которуу (трансфармациялоо) жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Рөспүбликасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014- жылдагы № 169 токтомүна, 15.12.2017- жылдагы 810 токтомуна ,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексы 13,15,17,20,25,28-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын жөргиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сузак айыл өкмөтүнүн Таш-Акур участкасындагы айыл чарба багытындагы жерлери категориясынын мамлекеттик фонду жерлеринин эсебиндеги жалпы 7,61га,а.и №308-контурунан 5,40 га кайракы айдоо, № 309-контурунан 1,16 га кайракы айдоо, №296 контурунан 1,05 га чөп чабынды жер аянттары өнөр жайдын; транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлери категориясына которууга макулдук бөрилсин.
2. Которууга макулдук берүү жөнүндөгү ушул токтомду бекитип берүү жагы жогорку органдардан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана уюштуруу жагы Сузак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
4. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Сузак айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | К.Турдиев |