Загрузка документа…
ЖАКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23- январы № 8
«Жекенди айыл өкмөтүнүн алдындагы коомду калдын алуу борборунун (КААБ) Уставын бекитүү жөнүндө»
Жекенди айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча жумушчу топтун төрагасы, Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Колдошовдун маалыматын жана Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук ,укук тартибин чындоо,кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Самиевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып,Жекенди айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын кезексиз 18- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жекенди айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставы бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң, Ош областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо,кеңештердин иштери, депутаттык этика жана коомдук уюмдарбоюнча туруктуу комиссиясынын курамына жана Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Колдошовго жүктөлсүн.
Төрага | С.Д.Халилов |
Жекенди айылдык Кенешин 2019-жылдын
23-январы 6-чакырылышынын кезексиз 18-
сессиясынын №8 токтому менен бекитилген.
Жекенди айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун уставы (КААБ)
1.Жалпы жоболор
1.Коомдук алдын алуу борбору мындан ары (КААБ)-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖОБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым калктуу конуштардын тиешелуу аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖООБ менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелуу администратавдик аймакта тузулуучу комерциялык уюм эмес.
Уюмдун толук аталышы:
–Жекенди айыл өкмөтүнүун» коомдук алдын алуу борбору» коомдук бирикме.
- расмй тилде Обшественное обьеденение «Общественно-профилактический центр»(ОПЦ) Жекендинского айыл окмоту.
Уюмдун кыскартылган аталышы:
- Жекенди айыл өкмөтүнүн «КААБ »КБ . «ОПЦ» ОО
3. Коомдук алдын алуу борбору өз ишин «Кыргыз Республиксынын Мыйзамына, Кыргызреспубликасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндо жана чойросундогу башка ченемдик укуктук актыларына жана ошондой эле мыйзамда белгиленген тартиптек учуно кирген эл аралык келишимдерге ушул уставка ылайык иш алып барат.
4. КААБ юридикалык оз алдынча мамлекеттик жана расмий тилдерде озунун аталышы жазылган мору менен штампы баржак болуп саналат.
5. КААБ ну ниши ыктыярдуулук,мыйзамдуулук,инсанды урматтоо.жергиликтуу озалдынча башкаруу органдары жана калк менен оз ара аракеттенуу принциптеринде уюштурулат.
6. КААБнун юридикалыкдареги: Жекенди айыл окмоту,Тилек Баатыр кочосу №52
7.КААБнын туруктуу ишалып баруучу органынын Кенешишин юридикалык дареги: Жекенди айыл окмоту, Тилек Баатыр кочосу №52.
2.КААБнун максаттары жана милдеттери
8. КААБнун максаты ЖООБнун жергиликтуу коомдоштуктун, жарандык коомдун, Жекенди айылаймагында жашаган, менчигинин туруно карабастан уюмдардын жана мекемелердин куч аракеттерин мыйзам бузуулардын алдыналууга, аныктоого, богот коюуга, аларды жасоого мумкундук беруучу жагдайларды жоюу.жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жургузууго бириктируу.
9. КААБнун милдеттери томонкулорду камтыйт:
- Мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды коруу.
- укуктук билимдерди пропагандалоо.
-мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу,аларды жасоого мумкундук беруучу себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын,эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргонууну камсыз кылуу.
- жашы жете электердин козомолсуз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу.
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелуу мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого,тийиштуусунун штарды даярдоого катышуу.
- Жекенди айыл өкмөтүнүн курамына кирүүчуү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жургузуу.
10.Кылмыштуулуктун алдын алуу , коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырат.
11. КААБнун ишинин артыкчылык багыттары болуп төмөкүлөр белгиленет:
- жалпы алдын алууну (социалдык, экономикалык, саясий укуктук жана башка кылмыштуулука каршы факторлорду активдуу пайдаланууга мыйзам бузууларга жол бербөө) камсызкылуу.
3. КААБнын укуктары жана милдеттери:
12. КААБнун озуно жуктолгон милдеттерди ааткарууда төомөнкүлөргоө укуктуу:
- ЖООБ органдарында жана мамлекеттик бийлик органдарында өз укугун, КААБнун мучолорунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана билдирүүгө:
- КААБнун иши жонундо маалыматтарды жайылтууга:
- уставтын максаттарын ишке ашырууга тиешелуу маселелер боюнча демилге которууго жана мамлекеттик,ЖООБ бийлик органдарына сунуштарды киргизууго:
- мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КААБнун ишинин максаттарына шайкеш келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого:
- Жекенди аймагында жайгашкан иш-кана мекемелердин жана комерциялык тузумдордун жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматташууга:
- ЖОБОнын жыйындарында, конференцияларда жана семинарларда КААБнун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциацияларды жана бирикмелерди тузууго ички жана чет олкодон инвестицияларды гранттарды жана башка трансферттерди тартууда укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар турдуу долбоорлорун иштеп чыгууга:
13. КААБ томонкулорго милдеттуу:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын,оз ишинин чойросуно тиешеси бар эл аралык принциптерин жана ченемдерин жана ушул уставда каралган ченемдерди сактоого:
Жекенди айыл Кенешинин2019-ж 23-январында 6-чакырылышынын кезексиз 18-сессиясында №8 токтому менен бекитилген «Коомдук алдын алуу борборунун»(КААБ) типтүү уставынын негизиндет узулгон Коомдук алдын алуу борборунун курамы
Г.Мурзакулова- Жекенди айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы-Коомдук алдын алуу борборунун төрайымы.
Г.Момунбаев- Жекенди айыл өкмөотүнүн маалымат жана коммуникация боюнча адиси: торайымдын орун басары. КААБнунмучосу
.
Ш.Маширапов- Аксакалдарсотунун төр агасы,КААБнун мүчөсү.
С.Асанбаева- Аялдаркенешин ин төр айымы,КААБнун мүчөсү.
Т.Калилов – Жаштар комитетинин төрагасы.КААБнун мүчөсү.
Ы.Токтоматов – Айылокмотунунсоцадиси,КААБнун мүчөсү муч осу.
К.Жээнбеков –Жекенди аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы,КААБнун мүчөсү
А.Сатаров.- Участкалык инспектор, КААБнун мүчөсү.
С.Халилов- Айылдык Кенештин депутаты.КААБнун мүчөсү
К.Маматбеков.- АйылдыкКенештиндепутаты,КААБнун мүчөсү.
С.Кошназаров-Айылдык Кенештин депутаты,КААБнун мүчөсү
Ж.Садыкбаев-Айылдык Кенештин депутаты,КААБнун мүчөсү.
Н.Рашидов-Айылдык Кенештин депутаты, КААБнун мүчөсү.
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы: Ж.Колдошов.