Редакцияот 28.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарынын алтынчы чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы

 

2019-жылдын 28-декабры № 27

Жекенди айылдык аймагынын Кара-Тейит айылынын тургуну Амирбеков Зуур Жапаровичтин жер участогун муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 62-беренесинин 4-пункутуна ылайык Амирбеков Зуур Жапаровичтин макулдугунун негизинде Жекенди айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Амирбеков Зуур Жапаровичтин макулдугу канаатандырылсын.

2. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Мык айылынын тургуну Амирбеков Зуур Жапаровичтин 5-07-03-1002-0645 кодун менен катталган 2314.0 м.кв. жеке менчик жер аянты Жекенди айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылып алынган жер аянты менен турак-үй Кара-Мык мектепке чейинки билим берүү уюунун пайдалануусуна өтүүгө макулдук берилсин.

3. Тийиштүү документтерин бүтүрүү жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Колдошовго жана айыл өкмөттүн жер турак жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Ы.Матраимовго милдеттендрилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер, азык-түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Маматбековго тапшырылсын

 

Төрага

С.Д.Халилов.