Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-марты № 13
Жекенди айылдык кеңешинин депутаттарынын арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 24-беренсинин 2-пункутуна ылайык Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын №3 Чулук шайлоо округунан шайланган депутат Рыскул Тагаевдин 2019-жылдын апрелиндеги жана №1 Кара-Мык шайлоо округунан шайланган депутат Орозбек Тагаевдин 2019-жылдын апрелиндеги өз каалоолору менен депутаттык мандаттарын токтотуу жөнүндө жазган арыздары эске алынсын.
2. Жекенди айылдык кенешинин алтынчы чакырылышынын №3 Чулук шайлоо округунан шайланган депутат Рыскул Тагаевдин, №1 Кара-Мык шайлоо округунан шайланган депутат Орозбек Тагаевдин арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда мандаты токтотулсун.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп жана кезекте турган депутаттарга мандат берүү жагын Чон-Алай аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо, кеңештердин иштери, депутатык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Самиевге тапшырылсын.
Төрага | С.Д.Халилов |