Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 8-майы №15
Жекенди айыл аймагындагы Шибээ айылынын тургундарынын кайрылуу катын кароо жөнүндө
Шибээ айылында жайгашкан Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектептин эски имаратын Шибээ айылында бала бакчага пайдалануу жана анын багытын өзгөртүү жөнүндө жергиликтүү тургундардын кайрылуу катын карап чыгып Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Жекенди айыл аймагындагы Шибээ айылынын тургундарынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Жекенди айыл өкүмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Шибээ айылындагы Ташбек уулу Гапар атындагы орто мектептин эски имараты бала бакча багытына өзгөртүлсүн.
3. Тийешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Колдошовго жана айыл өкмөттүн жер турак жай маселелери жана муниципалдык менчик боюнча башкы адиси Ы.Матраимовго милдеттендрилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык маселелер, азык- түлүк жана экология, жер жана жер реформасы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Маматбековго тапшырылсын
Төрага | С.Д.Халилов |