Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11-сентябры № 15/а
Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Колдошовдун 2019-жылдын 8 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө
Жекенди айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жекенди айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Колдошовдун Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө 2019-жылдын 8 ай ичинде аткарган иши канааттандырарлык деп табылсын.
2. Айыл өкмөт башчысы Ж.Колдошовго аппарат кызматкерлери менен биргеликте Жекенди айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууну өз убагында жана сапаттуу аткаруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кошоевге милдеттендирилсин.
Төрага | С.Д.Халилов |