Загрузка документа…
ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-декабры № 23
Чоң-Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Жекенди айыл өкмөтүнүн жарандарынан талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Жекенди айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кенештердин иштери жөнүндөгү маселелер, этика боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп талкуулоонун негизинде жана Кыргыз Республикасынын 19.02.2013-жылдагы № 23 Мыйзамынын негизинде Жекенди айылдык кеңешинин отурум
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай райондук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Жекенди айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жарандарды көрсөтүү боюнча келип түшкөн протоколдор бекитилсин (протоколдор тиркелет).
2. Чоң-Алай районун аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын резервине Жекенди айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган төмөнкү жарандар аймактык комиссиянын курамына сунушталсын.
-Ташмаматов Кубанычбек -Жекенди айылдык жамаатынан
-Колдошов Кеңешбек -Кара-Тейит айылдык жамаатынан
-Ибраимов Байыш - Топ-Кана жамаатынан
-Досмаматов Бекназар -Алыш –Сай жамаатынан
-Аширали уулу Кубатбек -Шибээ айылдык жамаатынан
3. Сунушталган талапкерлердин тийешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде такта даярдап борбордук шайлоо комиссиясынын райондук бөлүмүнө тапшыруу жооптуу катчы Г.Мурзакуловага тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жекенди айыл аймактык кенешинин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Д.Халилов |