Загрузка документа…
КӨК-ЖАРАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 36-3
“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу максатында 500 кВ тук аба чубалгысын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн жеринен узундугу 9200 метрди түзгөн 10862 м2 жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн макулдашуусу боюнча электр энергиясын экспорттоо максатында, Кыргыз Республикасында узундугу 450 км болгон 500 кВ тук “Датка-Сугд” аба чубалгысынын курулушу боюнча даярдалган чиймелерге таянып, “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу максатында Ош ЖЧЭТИ директору М.К. Раймалиевдин 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/182 сандуу катын жана Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы С.М. Миңбаевдин 2020-жылдын 12-мартындагы №165 сандуу сураныч катын окуп жана талкуулап, “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2020-жылдын 20-февралындагы №105-токтомунун негизинде, депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “CASA-1000” долбоорун” ишке ашыруу жөнүндөгү 2020-жылдын 20-февралындагы №105-токтомунун талаптарын ишке ашыруу жана “Ош жогорку чыңалуудагы электр тармактары” ишканасынын 2020-жылдын 26-февралындагы №13-3/179 катына негиз Көк-Жар айылдык кеңешининин 13-мартындагы № 36-3 токтомунун талаптары аткарууга жана жетекчиликке алынсын.
2. Көк-Жар айыл аймагынын административдик чек арасында жайгашкан, “CASA-1000” долбоорунун алкагында айыл аймагынан өтүүчү электр линиясынын 28 (жыйырма сегиз) даана электроопорасын орнотулушу көздөлгөн.
Бардыгы болуп; 10862 м2.
-анын ичинен кайрак айдоо- 2354,97 м2,
КБФ – 1460 м2,
жайыт - 6007,09 м2 жер аянттарынын категориялары айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан, өнөр-жай транспорт, байланышы жана башка жерлер категориясына которуу үчүн керектүү жерге жайгаштыруу иш кагаздары даярдалып, аталган жерлерди трансформациялоо жагы Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынан суралсын.
3. Жогоруда Көк-Жар айыл аймагындагы айыл аймагы аркылуу өтүүчү электр линиясынын трасса бойлоп орнотулган электроопоралардын ээлеген жер аянтынын которуу боюнча компенсацияларды, жер ээлерине төлөп берүү жагы ( жайыт жерде жайгашкан 6007,09м2, аянттан тышкаркы жерлерди) жогорку органдарга сунушталсын.
4. Көк-Жар айыл аймагынын административдик аймагын бойлоп 9200 м. аралыкта өтүүчү электролиниясынын тейлоо үчүн Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 55-56-беренелеринин талаптарынын негизинде электролиниянын ортосунан эки тарабына 42,5+42,5м. = 85 м. аралыкта узундугу 9200 м аралыкта, бардыгы болуп 78,20 га аянтта мажбурланган сервитут киргизилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге, жер адиси М. Калматовго жана айыл башчыларына тапшырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Жар айылдык кеңешинин айыл-чарба, тамак-аш, өнөр жайы жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |