Загрузка документа…
КӨК-ЖАРАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 3-марты №36-4
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2020жылдын 18-февралындагы 6-чакырылышынын кезектеги 35- сессиясынын №35-5 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Көк-Жар айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги №35-сессиясынын №35-5 18-февраль 2020-жылдын токтомунун Борбаш айылынын тургуну Сатар уулу Улугбекке 700,0 чарчы метр жер аянты жөнүндөгү токтому жокко чыгаруу боюнча угуп жана бул тууралуу Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү мыйзамына ылайык Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Сатар уулу Улугбекке таандык 700,0 чарчы метр жер аянты жөнүндөгү 2020-жылдын 18-февралындагы №35 сессиясынын №35-5 токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |