Загрузка документа…
КӨК-ЖАРАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №36-6
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Эралиева Машрабтын жер тилкесин жеке менчигине бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Эралиева Машрабтын жазган арызына негиз өзүнө караштуу 0,07 га турак-жайы 2002-2003-жылдардагы жалпы системалык каттоого кандайдыр бир себептер менен катталбай калгандыгын карап чыгып,Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Борбаш айылынын тургуну Эралиева Машрабтын жазган арызына негиз 0,07 га жер аянты 2002-2003-жылдардагы жалпы системалык каттоодон өтпөй калгандыгына байланыштуу, жеке менчигине бекитилип берилсин.
2. Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын
Төрага | Н.Туманов |