Загрузка документа…
КӨК-ЖАРАЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты №36-11
Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Ысаков Дарманалинин жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-марттагы айыл өкмөт башчысы С.Миңбаевдин сураныч катына негиз, Жийде айылынын тургуну Ысаков Дарманалинин 0,08 га АЗС багытындагы жер аянтын, эс алуу жана соода-сатык үчүн деп багытын өзгөртүү боюнча арызын карап чыгып, Көк-Жар айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп, жана талкуулап, Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Жийде айылынын тургуну Ысаков Дарманалинин 0,08 га АЗС багытындагы жер аянты , коомдук эс алуу жана соода сатык үчүн деп багыты өзгөртүлүп берилсин.
2. Иш-кагаздарын даярдоо жана токтомду бекитип берүү жагы Көк-Жар айыл өкмөтүнөн суралсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
Төрага | Н.Туманов |